Menu

«Чек арасыз репортёрлор» уюму Түркмөнстанды камактагы журналистти бошотууга чакырды

Бөлүшүү:

«Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюму көз карандысыз Turkmen.news басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга Түркмөнстанды чакырды.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, Халыков былтыр жайында коронавирус боюнча абалды баалоо үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.

Маалыматка караганда, быйыл июлда Халыков сүрөттү “Инстаграмдан” көрүп калып, Turkmen.news сайтына жиберген.

Ошондон кийин сүрөттү жарыялаган автор аны өчүрүп салган, журналист полицияга суракка чакырылып, аны менен байланыш үзүлгөн. Октябрда ал шылуундукка айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болгон.

Уюмдун билдирүүсүндө Нургелды Халыковго жалган жалаа менен айып тагылып, жаза берилгени жана ал абакта кыйноого кабылып жаткан болушу ыктымалдыгы айтылат. Анын камалышы өлкөдөгү эркин басма сөздүн акыркы өкүлдөрүнүн оозун жабуу аракети катары бааланган.

Түркмөнстандын бийлиги ушул кезге чейин өлкөдө коронавируска чалдыккандар бар экенин четке кагып келет. Бирок бийлик карантиндик катуу чараларды киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: