Menu

Видео – Курулушчу олигархтар Бишкектин борборундагы карапайым элдин кыймылсыз мүлктөрү менен жер тилкелерин арзан басып алуу жолдорун издешүүдө

Бөлүшүү:

Өткөн жумада бишкектиктер шаарды деталдуу пландаштыруу долбооруна каршы акция өткөрүштү. Алар бул долбоор кызыкдар курулуш компанияларынын өкүлдөрү тарабынан өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан деп эсептешет.

Нааразычылык акциясына чыккан шаардыктар “Биз президенттикке талапкерлерден деталдуу пландаштыруу долбоору боюнча жаңы пландарын сунуштоосун жана бул планды коомдук талкуулоону талап кылууга чакырабыз” деген сунушту айтышты.

Алар шаарды деталдуу пландаштыруу долбоору аркылуу “социалдык муктаждыктар үчүн” деген шылтоо менен кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин басып алуу оңой экенин айтышат. А иш жүзүндө жер тилкелер бизнес куруу үчүн алынат. Ал эми шаарды деталдуу пландаштыруу долбоору 3 640 гектарды камтыйт.

Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, долбоор шаардыктардын муктаждыктарын канааттандырбайт, бирок ал чакан адамдардын тобунун, бир катар курулуш фирмаларынын ээлеринин кызыкчылыгын көздөйт.

Ушул жылдын март айында Res Publica гезити журналисттик иликтөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө шаарды деталдуу пландаштыруу долбоорун кабыл алууга катышкан депутаттардын арасында курулуш фирмаларынын беш кожоюну болгонун аныктады. Алар:

– Нуржан Тынымсеитова, “Елизавета” ЖЧКнын жетекчиси;

– Даниярбек Иманалиев, “Имарат Строй” ЖЧКнын директору;

– Алымбек Бактыбеков, АККА компаниялар тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси;

– Талайбек Сурапбаев, “Кундузстрой” ЖЧКнын негиздөөчүсү;

– Байсалбек Эргешов, “Курулуш компаниясы” ЖЧКнын негиздөөчүсү;

Иликтөөнүн версиясы боюнча, шаарды деталдуу пландаштыруу долбоорун кабыл алган дагы төрт депутат – Низамеддин Калыков, курулуш материалдарын өндүрүү боюнча ишкананын жетекчиси, “Бишкеккурулуш” ишканасынын жетекчиси Гүлнара Молдобаева, “Нурстроймонтаж” ЖЧКсынын ээси Улан Абдыкадыровдун уулу, ошондой эле Наталья Кулматова менен Рыспай Аматов курулуш жаатында техникалык документтерди иштеп чыккан эки компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси.

Булак: “5 канал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: