Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов келтирилген чыгымдын 61,1 пайызын төлөп берди. Бул маалыматты Каржы министрлиги тастыктады.
18-декабрга карата Райымбек Матраимов 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом которгон. Акыркы 10 күндө ал 450,1 миллион сом которсо, октябрь-ноябрь айларында 646,3 миллион сом которгон.
Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ