Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматынын жоокери асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 21-декабрда таңкы саат 05:00 чамасында болгон.
Жоокер ушул жылдын октябрь айында Свердлов райондук аскер комиссариаты тарабынан аскерге чакырылган. Белгилүү болгондой, маркум 22 жашта, ал жогорку билимдүү. Учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жеринде иш алып барууда. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун денесинде эч кандай жаракат болгон эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ