Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиевден акча талап кылган 24 жаштагы жигит убактылуу эч жерде иштебей турганы аныкталды

Бөлүшүү:

Парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевден акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган адам Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен эч кандай байланышы жок. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, Кубанычбек Жумалиев 5-декабрда баш калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан тергөө амалдарынын токтотулушу үчүн андан 20 миң доллар талап кылган белгисиз А.га карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча катталды.

20-декабрда, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 24 жаштагы Т.А., 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Сурак берип жаткан шектүү Бишкек шаарында апасы менен жашай турганын жана убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан. Ал бул кылмышты каржылык кыйынчылыктардан улам жасаган.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштардын башка фактыларына тиешеси барбы жокпу текшерилүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Жумалиевден 160 миң доллар талап кылышкандыгы айтылган. Ошондой эле ал кармалган адам өзүн Садыр Жапаровдун жардамчысы деп тааныштырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: