Menu

КР ЭСӨМ: Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык шаарча КРнын президентинин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында “Катар кайрымдуулук фонду тарабынан курулган.

Социалдык шаарчада 14 турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жашайт (жалгыз бой энелер, жесирлер).

Иш-чарада КРнын вице-премьер министри Равшанбек Сабиров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар Чарити кайрымдуулук фондунун директорунун м.а. Моххамад Хомам Ал Самман жана башкалар катышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: