КР Президенттин Евразиялык интеграциянын экономикалык маселелери жана КР инвестициялык климат маселелери боюнча кеңешчиси Андрей Акимов баңги заттарын саткандыгы үчүн соттуулугу бар. Бул тууралуу Vesti.kg басылмасы өз булактарына шилтеме берип жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, 2005-жылы Акимовду Казакстандын чек арачылары кармашкан, анын машинасынан салмагы 600 граммдан ашкан 14 таңгак гашиш табышкан. Соттун өкүмүндө Акимов баңги затын Россияда сатууну көздөгөнү көрсөтүлгөн. Натыйжада, ал мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Өкүм 2006-жылдын март айында күчүнө кирген.
2010-жылдын октябрь айында Чүй облусунун Москва райондук соту Андрей Акимовду шарттуу түрдө бошоткон. Акимов ал убакка чейин түрмөдө 5,5 жыл отурган.
Бул боюнча журналисттер президенттик администрациянын басма сөз кызматынан комментарий сураган. Анда Андрей Акимов президенттин м.а. Талант Мамытовдун коомдук башталыштагы кеңешчии экендиги такталды. Ал ошол эле кызматты Садыр Жапаровдун тушунда да аркалап келген.
“Биз баңгизат тууралуу окуяны билебиз, бирок бул 15 жыл мурун болгон. Эгер ал чынында эле күнөөлүү болсо, анда мындай кызматты аркалап калмак эмес эле да” – деди басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ