Бишкектеги “Таргет” курал-жарак дүкөнүндө чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
«КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда 57 жаштагы адамдын денеси табылып, анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган», – деп билдиришти РИИБден.
Эскерте кетсек, 19-декабрда дүкөндө чыккан өрттүн кесепетинен бир адам каза болгон. Дагы үчөө жаракат алышкан. Белгиленгендей, өрт саат 10:16да чыккан. Жеринде өрт өчүрүү тобу иш алып барган. Саат 11:27ге карата өрт толугу менен өчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ