Menu

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген автоунааны кармашты

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген автоунааны кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Нарын” бажысынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген “DAF XF460” үлгүсүндөгү автоунааны кармашкан.

Мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 1519083 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: