Menu

Видео – Путинден “Газпромдун” акцияларын сураган 7 жаштагы Кыргызстандык бала баалуу белектерге ээ болду

Бөлүшүү:

Владимир Путинден жаңы жылдык белек сураган жети жаштагы бишкектик Рустам Ташматов орус кондитерлеринен Тула пряниктерин алды. Бул тууралуу баланын атасы Алишер Ташматов Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Рустам Ташматов досторуна жана пенсионерлерге Тула пряниктерди жана таттууларды ооз тийгизди. Жүздөн ашуун адам чыныгы Тула прянигинен ооз тийди. Ал эми ким даам татып калбаса, ага Россиянын Президентинен ушул эле пряник менен ооз тийдирүүгө сөз беришти. Мындай күтүүсүз белек үчүн “Россиянын Бириккен Кондитерлерине” рахмат” – деп белгиледи ал.

“Бирок бул бир гана Путинден эмес” – дейт Рустам Youtube каналындагы видеодо. Атасы мындай деп түшүндүрөт: “Ооба. Бул Россиянын кондитерлер союзунан”.

Эске салсак, Путинге жазган катында жети жаштагы жигит «Газпромдун» же «Роснефттин» акционери болууга каршы эместигин, ошондой эле Туланын пряниктерин эч качан даам татпагандыгын жазган. Рустам Бишкек шаарындагы №29 гимназиянын экинчи классында окуйт. Ал “Жакшы Адамдар” мектеп кыймылынын активисти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: