Menu

Колонияда жаткан эркек киши өзүн Камчыбек Ташиевдин тууганымын деп тааныштырып, башка соттолгондорго мунапыс убада кылган

Бөлүшүү:

Камчыбек Ташиевдин тууганыбыз деп таанышып, башка соттолгондорду колониялардан мунапыс менен бошотуу үчүн алардын туугандарынан акча талап кылган соттолгон адам аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында Молдовановка айылындагы №1 колонияда “Алдамчылык”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Качуу” беренелери боюнча жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 33 жаштагы жараны Санжар Салибаев аныкталды. Кылмыштуу пландарын ишке ашыруу үчүн, айрым жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен акча алган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Департамент мунапыс жарыялоо УКМКнын компетенциясына кирбестигин белгилейт.

“Шылуундун курмандыгына айлангандардан тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз” – деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: