Президенттикке талапкер Канат Исаев шайлоо жарышына формалдуу түрдө катышат, чындыгында ал күрөштөн баш тартты. Мындай пикирин КТРКнын мурунку башкы директору Илим Карыпбеков Twitter социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Исаев өзүнүн PR командасынын негизги бөлүгүн таркатып, жарнама агенттиктери менен келишимди бузду. Демек, ал жарышка формалдуу түрдө катышат. Дагы бир талапкер минус деп эсептей бергиле “, – деп жазган Карыпбеков.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо шайлоо 10-январга белгиленген. Анда 18 талапкер өлкөдөгү эң жогорку кызматка ат салышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ