Menu

20дан ашуун өлкө Улуу Британия менен аба байланышын чектеди

Бөлүшүү:

Коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына байланыштуу 20дан ашуун өлкө Улуу Британия менен аба каттамдарына чектөө киргизди. Тизмеде Дания, Италия, Нидерланды жана Австралия да бар. Бул өлкөлөрдө вирустун жаңы түрүн жуктурган ондон ашык учур аныкталды.

Кийинчерээк абак каттамдарына тыюу салуу чечимин башка бир катар өлкөлөр да кабыл алды, анын ичинде Германия, Чехия, Швеция, Израиль бар. Франция Улуу Британия менен чек арасын толугу менен жапты. Лондон өлкөнү континенталдык Европа менен байланыштырган Ла-Манш кысыгынын алдындагы өтмөктү жапты.

Улуу Британиядан герман аэропортторуна келген ондогон жүргүнчүсү коронавирустун негативдүү тестти чыкканга чейин эч жакка кете албай турушат. Жүргүнчүлөр аэропортторго жатууга мажбур болууда. Ганноверде алар үчүн уктай турган жай даярдалды.

Бул арада орусиялык “Аэрофлот” авиакомпаниясы гана Улуу Британияга ырааттуу түрдө каттамдарды жасап жатат.

Англиянын өзүндө 19-декабрдан баштап төртүнчү деңгээлдеги чектөө чаралары киргизилди. Бул дээрлик толук локдаун дегенди билдирет. Британ премьери Борис Жонсон коронавирустун жаңы түрү “кадимкисине” караганда 70 пайызга ылдам тарай турганын айтты.

Инфекционисттер жаңы штамм коронавирусту жеңе албай калган иммундук системасы алсыз бейтапта пайда болуп, мутация болгонун белгилешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: