Menu

Тажикстанда диний партиянын лидерлеринин биринин уулу беш жылга соттолду

Бөлүшүү:

Асрориддин Розиков

Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту Тажикстандын “Ислам кайра жаралуу” партиясынын соттолгон лидерлеринин бирининин уулу Асрориддин Розиковду беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттолуучунун жакындары билдиришти.

Сомони райондук соту жараян жабык болгонун гана билдирип, кандайдыр бир маалымат берген жок.

Асрориддиндин апасы Резагул Розикова анын жакындарын сот жараянына киргизбегенин айтты.

“Менин уулум адилетсиз түрдө соттолду. Адвокат да жалдай алган жокпуз. Мамлекеттик адвокаты болгон-болбогонун да билбейбиз. Бизге сот жараянына катышууга уруксат беришкен жок”, – деди ал.

Өз булактардын кабарлашынча, сот өкүмү 18-декабрда чыккан. Асрориддин менен кошо дагы эки киши соттолгон.

Асрориддин Розиков быйыл июнда ишке баратканда кармалган. Соттолгон оппозициячынын уулу базарда балдар кийимин сатып иштечү.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы ал “Экстремисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу тыюу салынган уюмдун ишин уюштуруу” беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму тажик бийлигинен Асрориддин Розиковду тез арада бошотуп, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында аны камакка алган адамдарды жазалоону талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: