Menu

“IDEA” жаштар уюму Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековго кат чогултуп жатат

Бөлүшүү:

“IDEA” жаштар уюму Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековго кат чогултуп жатат. Бул тууралуу алар Фейсбуктагы баракчасында билдиришти.

Демилгени уюштуруучулардын айтымында, ар бир адам судьяга кат жаза алат. Алар чогултулган каттардын бардыгын алып, сотко өткөрүп берүүгө убада беришет.

“Келгиле, чогуу кыздын укугун коргойлу! Эгерде сот адилетсиздикке каршы күрөшүүнү каалабаса, анда биз – коом күрөшөбүз!” – деп белгилейт уюм.

Ошондой эле, Тоң районунда 13 жаштагы кызды зордуктоо окуясына коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн чакырык жана ыкма катары жаштар уюмунун кеңсесинин терезелерине плакаттар илинген.

Уюштуруучулардын айтымында, бул плакаттар тиешелүү өкүм чыкканга чейин терезелерде болот.

Эске салсак, Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актаган. Бир гана айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылган. 13 жаштагы кыздын туугандары аны бир-эки жылдан кийин чыгып кетет деп айтышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: