Menu

Индияда шылуундар премьер-министрдин резиденциясын интернет аркылуу сатууга аракет кылышты

Бөлүшүү:

Индияда шылуундар премьер-министрдин резиденциясын интернет аркылуу сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу чет өкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Белгиленгендей, премьер-министр Нарендра Моди кээде ыйык Варанаси шаарына барып, медитация кылат. Ал жерде анын особнягы бар.

Шылуундар бул үйдү сатыкка коюшкан. Жарнамада мындай деп айтылган: 4 уктоочу бөлмө, 4 даараткана жана эки миң чарчы метрге жакын аянт. Алар премьер-министрдин кыймылсыз мүлкүнүн баасын 1 миллион долларга баалашкан.

Полиция шектүү катары 4 адамды камакка алды, ал эми интернеттеги сүрөттөр өчүрүлдү. Имаратты сүрөткө тарткан адам дагы кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: