Menu

Ашхабадда COVID-19дан өлгөн түрк дипломатынын жакындары прокуратурага арыз жазышты

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда каза болгон түрк дипломатынын жесири күйөөсүнүн өлүмүнө алып келген жагдайга жооптуу кызмат адамдарына даттанып, Түркиянын прокуратурасына кайрылды.

Түркиянын Түркмөнстандагы элчилигинин диний иштер боюнча кеңешчиси Кемал Учкун Ашхабаддагы ооруканада COVID-19дун белгилери менен көз жумган. Дипломаттын жесири 11 күн кардиологиялык ооруканада жаткан күйөөсүн Түркияга санитардык учак менен алып кетүү боюнча чара көрбөгөн аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылууда.

Sozcu түрк басылмасы билдиргендей, маркум дипломаттын аялы Түркиянын ыкчам медициналык жардам кызматынын башкы директорун, Түркиянын Ашхабаддагы элчисин, дин иштери боюнча вице-президентти жана Дин иштери боюнча башкармалыктын тышкы иштер боюнча башкы директорун жазалоону өтүнүүдө.

57 жаштагы Кемал Учкун түркмөн дарыгерлеринин ырастоосу боюнча 7-июлда пневмониядан көз жумган. Флюрографиялык сүрөттөрдү көргөн түрк дарыгерлери анда коронавирус болгонун айтышкан.

Маалыматка караганда, Учкун түрк бийлигине кайрылып, өзүн алып кетүүнү сураган. Бирок муну жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон эмес, расмий Ашхабад түркиялык санитардык учакты кабыл алуудан баш тарткан.

Өз булактар билдиргендей, Түркмөнстан өлкөдө COVID-19дун бар экени тууралуу маалыматтын жайылышына жол бербөө үчүн дипломатты учак менен алып кетүүгө уруксат берген эмес. Түркия өкмөтү болсо тиешелүү деңгээлде саясий кысым көрсөтпөй койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: