Menu

Казакстанда окуучулар менен студенттер Жаңы жылдан кийин салттуу билим берүү форматына кайтышат

Бөлүшүү:

Казакстанда Жаңы жылдан кийин жогорку класстын окуучулары менен биринчи курстун студенттери салттуу билим берүү форматына кайтып келишет. Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссия 20-декабрда кабыл алды.

«Билим берүү министрлигинин сунушун жана коомчулуктун пикирин эске алуу менен билим берүүнүн сапатын камсыздоо максатында окуучулардын жана студенттердин айрым категорияларын салттуу билим берүү форматына кайтаруу чечими кабыл алынды», — деп жазылган комиссиянын билдирүүсүндө.

Чечимге ылайык, III чейректен тартып бүтүрүүчү класстар (9-11-класстар) санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен сабактардын 70% салттуу форматта, 30% аралыктан окушат.

Мындан тышкары колледждер менен жогорку окуу жайлардын биринчи курстарында окуган студенттер II семестрден тартып салттуу билим берүүгө кайтып келишет.

Комиссия кийинки жылдын январь-февраль айларында сасык тумоонун күч алуу ыктымалдыгынан улам коронавируска кабылгандар көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи. Буга байланыштуу 25-декабрдан 5-январга чейин массалык иш-чараларды, анын ичинде балаты майрамдарын жана жаңы жылдык корпоративдерди, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө расмий тыюу салынды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясына кабылгандар 0,4% көбөйүүдө. Ооруканалардагы орундардын 28%, реанимациялык бөлүмдөрдүн 20% гана бейтаптарга толгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: