Menu

Жүргүнчүнү бурагыч менен башка урган айдоочу кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте жүргүнчүгө кол салган деген шек менен кичи автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын айтымында, кечээ саат 14.10 милицияга Курманжан Датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде №134 кичи автобустун айдоочусу менен жүргүнчүнүн ортосунда уруш чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Арыз ээси айдоочу аны бурагыч (отвертка – ред.) менен башына бир нече жолу уруп, качып кеткенин айткан. Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 38 жаштагы шектүү жаран кармалып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Факты КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси “Бейбаштык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Водитель маршрутки ударил пассажира отверткой в голову

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: