Menu

АКШдагы “Магнитскийдин тизмесине” Раим Матраимовду Кыргызстандагы бейөкмөтчүлөр менен журналисттер киргизди

Бөлүшүү:

9-декабрда АКШдагы адам укуктарын бузган инсандарга карата санкция катары каралган “Магнитскийдин тизмесине” Кыргызстандан биринчи болуп Раим Матраимовдун ысымы киргизилди. Буга чейин бул тизмеге Россиянын бир нече мамлекеттик чиновниктери жана Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова киргизилген эле.

Коомчулуктун айрым бөлүгү Раим Матраимовдун коррупционер экенин АКШ өкмөтү иликтеп, далилдеп, өздөрүнүн демилгеси менен бул тизмеге киргизгендей кабыл алууда.

Чындыгында Магнитскийдин Глобалдык Актысынын тизмесине киргизүүнүн жолдору биз ойлогондой эмес, аны АКШ өкмөтү өз демилгеси менен киргизбейт. Алгач америкалык сенатор Бенжамин Кардиндин демилгеси менен түзүлгөн бул тизмеге акыркы учурларда жарандык коомдун өкүлдөрү демилгелеп, өздөрү айыптаган айрым инсандарды коррупционер же адам укуктарын бузган чиновниктер катары АКШнын санкциялык тизмесине киргизип келүүдө.

Раим Матраимовду да кыргыз бейөкмөтчүлөрү “Азаттык” радиосунун журналисттеринин иликтөөсүнө жана далилдерине таянып, Магнитскийдин тизмесине киргизишкен. Албетте бул өтө көп эмгекти талап кылган процесс.

2016-жылы Кыргызстандын Сөз эркиндигин коргоо комитети да Алмаз Атамбаевди адам укуктарын бузгандыгы үчүн “Магнитскийдин тизмесине” киргизүү жолдорун издеген. Алтургай 2007-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турган учурда Нарын милициясынын абагында каза болгон укук коргоочу Бектемир Акуновдун урматына Кыргызстандагы адам укуктарын бузган чиновниктер үчүн АКШда “Акундун тизмесин” түзүүгө аракет кылышкан.

Бирок АКШдагы санкциялык “Магнитскийдин тизмесине” укук бузган чиновниктерди киргизүү механизмдерин Кыргызстандагы Чолпон Жакупова, Рита Карасартова сыяктуу аз сандагы 5-6 гана тажрыйбалуу бейөкмөтчүлөр билери жана бул процесс көп убакытты, ресурстарды талап кылары белгилүү болуп, Атамбаевди санкциялык тизмеге киргизүү демилгеси токтоп калган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: