Menu

Коронавирустун жаңы штаммы Украинага да жетти

Бөлүшүү:

Улуу Британияда жана башка бир катар өлкөлөрдө аныкталган коронавирустун жаңы штаммы Украинага жетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Инфекциялык дарыгер Виктор Петровдун айтымында, анын Чехияга иштегени барып турчу бейтаптарынын бири жаңы штаммды жуктуруп, айыккан.

Буга чейин Роспотребнадзор Европада табылган коронавирустун жаңы мутациясы нейтралдуу деп билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлиги россиялык адистер штаммды изилдөө үчүн чет элдик кесиптештер менен байланышта деп ишендирди.

Коронавирустун коркунучтуу мутациясы сентябрь айында Улуу Британияда табылган. Бүгүнкү күндө жаңы штаммды жуктуруп алган миңге жакын учур аныкталды. Мутация Дания, Нидерланды жана Түштүк Африкадагы бейтаптарда дагы аныкталган. Жаңы жана өнүгүп келе жаткан респиратордук вирустардын коркунучтары боюнча Британиянын консультативдик кеңеши коронавирустун бул варианты тезирээк жайылып баратканын билдирди.

Россияны кошкондо 20дан ашуун өлкө Улуу Британия менен транспорттук байланышын токтотконун жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: