Menu

Дүйнөлүк банк Өзбекстанга 500 миллион доллар бөлүү тууралуу чечимди жактырды

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк банктын аткаруу директорлорунун кеңеши өнүгүү саясатын колдоо программасынын алкагында Өзбекстанга 500 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечимди жактырды.

Каржы мекемесинин маалыматына караганда, каражат өлкөдөгү социалдык-экономикалык реформаларды ачык жана инклюзивдик формада ишке ашырууга көмөктөшүү максатында бөлүнүүдө. Программанын алкагында өзбек өкмөтүнө коронавирус пандемиясынын кесепеттерин азайтууга жана Өзбекстандын 2017-2021-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөн реформаларды ишке ашырууга жардам көрсөтүлөт.

«Өзбек өкмөтү акыркы жылдары бир катар антикризистик программаларды ишке ашыруудан тышкары өлкөнүн ачык, атаандаштык жана инклюзивдик экономикага өтүшүн тездете турган бир топ маанилүү реформаларды баштады. Биздин программа бул өткөөл мезгилди жарандар үчүн пайдалуу кылуу боюнча өкмөттүн аракеттерин колдойт. Алсак, пахта өндүрүү тармагынан мамлекеттин чыгышы, аялдардын коопсуздугун жакшыртуу жана алар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошондой эле кирешеси аз үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо сыяктуу чаралар калктын аяр катмарынын жашоо-шартына жакшы таасир этет», – деди банктын өкүлү Марко Мантованелли.

Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк макроэкономикалык реформалар, айыл-чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санитария, энергетика, транспорт жана социалдык коргоо тармактары боюнча Өзбекстандагы 25 долбоорду ишке ашырууга каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүүдө.

Быйыл августта Өзбекстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банктан, Азия өнүктүрүү банкынан жана Эл аралык валюта фондунан 1 миллиард доллардан ашык насыя алганы кабарланган.

2020-жылдын башынан бери Өзбекстандын тышка карызы дээрлик 5 миллиард долларга көбөйүп, 29,3 миллиард долларга жетти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: