КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен биргеликте дин кызматкерлери жана калк арасында жашы жете элек жактарды никеге тургузуу ырымына жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу 21 декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусундагы 18 жашка чыга элек кыздын никеге туруусуна тийиштүү абалды териштирүү тапшырмасы берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ