Menu

Өзбекстанда башкы прокурорду коррупцияга айыптаган бухаралык прокурор кайра кызматына кайтып келди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын башкы прокурору Нигматилла Юлдашевди коррупциялык иштерге айыптаган Жасур Фозилов кайра Бухара шаардык прокуратурасындагы кызматында иштей баштады. Бул тууралуу УзА агенттиги өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсиддиновго шилтеме кылып билдирди.

Фозилов 11-декабрда социалдык түйүндөр аркылуу президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, башкы прокурор Нигматилла Юлдашевди Бухарадагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айыптаган.

Өз кайрылуусунда ал 10 миллиард сум өлчөмүндө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча жергиликтүү фирмалардын бирине кылмыш иши ачылганын, анын жетекчисин башкы прокурор өзү калкалап жүргөнүн билдирген. Мындан тышкары ал Юлдашев «Мега Бухара» деген соода борборунун курулушуна түздөн-түз катышканын, ал жерде коррупциялык иштерге жол берилгенин кошумчалаган.

14-декабрда Фозиловдун бул билдирүүлөрүн текшерүү үчүн мекемелер аралык республикалык комиссия түзүлгөнү кабарланган.

Өз кезегинде Башкы прокуратура бухаралык бизнесмендин арызынын негизинде Жасур Фозиловго карата кызматтык териштирүү башталганын билдирген. Мекеменин маалыматка караганда, Фозилов ишкерди ири соода борборундагы дүкөнүн кысым менен арзан баада сатууга мажбурлаган. Бул факты боюнча ал 2-декабрда кызматынан убактылуу четтетилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: