Бишкекте газдын жарылуусунан жапа чеккен аял каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Эскерте кетсек, 19-декабрда Бишкекте түнкүсүн бир үй-бүлө газдын жарылуусунан жабыркаганы белгилүү болгон. Эки улуу курактагы адам жана беш бала ооруканага жеткирилген. Бишкектин тургуну жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийин ошол жерде көз жумган.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, үйдө жылытуучу жабдуунун бузулушунан улам газ чыккан. Бишкектин тургуну аны текшерүү үчүн барган. Үйдө жарык жок болгондуктан, ал шам жагып, андан кийин жарылуу болгон. Эске салсак, бул версия расмий ырастала элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ