Menu

Феликс Куловдун Чехияда 4 миллион евролук мейманканасы барбы? – Саясатчынын жообу

Бөлүшүү:

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун Чехиянын Карловы Вары шаарында кымбат баалуу мейманканасы бар экенин Фейсбукта Патриот Кыргыз деп катталган жаран жазып чыккан.

Анда ал Чехиянын Юстиция министрлигинин сайтында Куловдун жубайы Moskevskaja 124-19, prospekt Chui 52-54 дарегиндеги кыймылсыз мүлккө ээ экенин аныктаган.

Карловы Вары шаарындагы элиталык мейманкананын базар баасы 3-4 млн евро турары айтылган.

Феликс Кулов бул маалымат боюнча Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жооп берди. Ал качандыр бир мындай престиждүү мейманканын ээси болуп каларына үмүттөнөт.

“Эми мен кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүнү чечтим жана бул мейманкананы менчикке өткөрүп берүү үчүн менин атымдан документтерди даярдоону каалагандарды чакырам жана аларга дароо кол коём” – дейт Феликс Кулов.

“Чакан эки бөлмөлүү батирге келсек, анын баасы Бишкектеги баалардан жогору эмес, аны экинчи аялым эжеси менен кошо сатып алышкан. Маалымат үчүн, менин экинчи аялым эжеси менен жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жеке бизнес менен алектенишет. Алар биз жолукканга чейин менин партиямдын мүчөлөрү болушкан. Алар эч качан партиянын жетекчи органдарынын мүчөсү болушкан эмес жана мамлекеттик кызматта дагы иштеген эмес” – деди Кулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: