Menu

Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган 9 жашар кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-декабрда Кемин районунун 9 жаштагы тургунунун кайрылуусуна жооп иретинде алдын-ала текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз ккызматы билдирди.

Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен УКМКнын кызматкерлери Кеминге барышып, кыздын үй-бүлөсү беш адамдан турарын жана чындыгында материалдык жардамга муктаж экендигин аныкташты.

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен үй-бүлөгө керектүү азык-түлүктөр, жаңы жылдык белектер жана балдар үчүн кеңсе буюмдары берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Шакировдордун үй-бүлөсү көрсөтүлгөн жардам үчүн Ташиевге жеке ыраазычылыгын билдиришти жана маселенин “объективдүү жана акыйкат” чечилерине ишеним билдиришти.

“Ошондой эле, кыздын кайрылуусунда айтылган бардык жагдайларды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнү маалымдалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, тиешелүү баа берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 9-жашар кыз Камчыбек Ташиевге кайрылып, мугалим апасын мектептин директору кордой турганын айтып, жардам сураган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: