Menu

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “2010-жылы Текебаев элге парламенттик башкарууну убада кылгандан кийин ошондой конституция жазыш керек эле, ал иш жүзүндө президентти күчтөндүрүп койду”

Бөлүшүү:

“Эгер Садыр Жапаровго бийлик эле керек болуп, жоопкерчиликтен качса бүгүнкү иштеп жаткан Текебаевдин конституциясы ошого аябай дал келмек. Анткени өлкөдөгү чечимдердин баарын президент кабыл алат. Мурун Атамбаев чеччү, кийин Жээнбеков чеччү, муну элдин баары билет, бирок алар жоопкерчиликти өздөрүнө алчу эмес, өкмөткө түртүп салчу. Өкмөт менен парламент болсо президенттердин кол баласындай болуп калды”, – деп билдирди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиев.

“Садыр Жапаров чечимди президент кабыл алса жоопкерчиликти да президент алсын деп жатат. Жапаров эл аны президент кылып шайларына көзү жетип турат, алтургай референдумда эл президенттик башкарууну тандай турганын да билет. Анткени биз 2010-жылдан бери парламентаризмдин эң жаман жактарын көрдүк. Бисмилда дегенде эле бул конституция 2010-жылы туура эмес кабыл алынып калган. Биринчиден, Убактылуу өкмөт конституциянын долбоорун элден сурабай декрет менен киргизген, анан, Ошто чоң тополоң болуп, кан төгүлүп жатканда референдум өткөрүп, кабыл алышты. Ошондуктан эл муну өзүнө сиңире албай койду. Ошол 2010-жылы мен Ошто облустук милициянын начальниги болчум, мындай мыйзам бузуучулукка каршы протест жасап, кызматымды таштап кетип калгам. Экинчиден, Убактылуу өкмөт элге парламенттик системаны убада кылгандан кийин Текебаев конституцияны да парламенттик системага ылайыктап жазыш керек эле. Текебаев эмне кылып жатат? “Хаят” мейманканасында олтуруп алып, конституциялык кеңешме түзүп, иштеп жатат, бирок парламенттик система деп убада кылгандан кийин конституцияда президенттин бийлигин чектеп кою керек эле. Бирок Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө устукан таркатып, биринчиден Роза Отунбаевага аябагандай чоң пенсия жана экс-президент деген статус болот деп бир жарым жылдык өткөөл мезгилдин президенти деген кызматты киргизип жатат. Экинчиден өзүнө спикерлик кызматты ылайыктап, Атамбаевге президенттик кызматты тартуулап конституция жазып жатат. Атамбаевди таарынтпаш үчүн президентке да чоң полномочилерди берип койду. Генпрокурор менен УКМКны, сотторду президентке берип салды. Мына ошондуктан парламент менен президенттин ортосунда кызыкчылыктар кагылышы чыгып, бийликтин балансы бузулуп, бүгүнкү конституция иштебей калды. Парламенттик система орногон жок. Парламенттик системада бардык маселелерди парламент менен өкмөт эле чечет. Текебаевдин конституциясы чала жазылып калгандыктан кайра эле президент чечип калды, бирок жоопкерчилик жок. Садыр Жапаров ушуну оңдойм деп жатат”, – деди генерал Суваналиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: