Екатеринбург шаарында Жол кайгуул кызматынын инспекторуна пара берип жаткан жеринен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда күч түзүмдөрүндөгү булактарга шилтеме берүү менен орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 20-декабрда эртең менен Жол кайгуул кызматынын инспекторлору 44 жаштагы кыргызстандык башкарып бара жаткан “ВАЗ 2105” унаасын токтотушкан. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, ал киши мас абалда болгон, ошондуктан патрулдук милиция кызматкерлери протокол толтуруу үчүн анын артынан барууну суранышкан.
«Кармалган мас абалындагы айдоочу протокол түзбөө үчүн пара катары полициянын унаасына 60 миң рубль болгон конвертти салып койгон. Акчаны алып салуу боюнча инспекторлордун бир нече жолу сураганына карабастан, ал киши уккан эмес», – деп жазат орус маалымат каражаттары.
Инспекторлор пара жөнүндө полицияга кабарлашкан. Кыргызстандык кармалып, ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат адамына аракетсиздиги үчүн пара берүү”) боюнча кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ