Menu

Ички иштер министрлигинде автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

КРнын Ички иштер министрлигинде алты автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, унаанын ачкычын тапшыруу аземине КРнын ИИМдин башчысы, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

Жеке ишкер Кайрат Аманов милиция кызматкерлерине кайрылып, “Ушул жылдын 5,6-октябрында болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенбиз.

Сиздер биздин бейпил жашообузду камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап жатасыздар. Биз дагы сиздерди колдошубуз керек. Келе жаткан майрымыңыздар менен, урматтуу милиция кызматкерлери! Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз. Сиздердин жогорку кесипкөйлүүгүңүздөр, билимиңиздер жана Мекенге болгон ак кызматыңыздар Кыргызстандын эли үчүн кызмат кыла беришине тилектешпиз”,-деп сөз сүйлөгөн.

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күчүн жумшаарын баса белгилеген.

Бул автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй, облустарына, Ош шаарына жана КРнын ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: