Бишкектеги “Таргет” курал-жарак дүкөнүндө чыккан өрттөн жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда журналисттерге Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн жетекчиси Кандөөлөт Сарбанова билдирди.
Анын айтымында, алар дарыланууну улантышууда.
Дүкөндө чыккан өрттөн 3 адам жабыркады. Алар ооруканага ар кандай деңгээлдеги күйүктөн улам түшкөн.
Ошондой эле, өрт учурунда, «Таргет» дүкөнүнүн кызматкери, 1963-жылы туулган К.Б. аттуу жаран каза тапкан.
Эскерте кетсек, 19-декабрда Бишкектеги “Таргет” курал-жарак дүкөнүндө өрт чыккан. Белгиленгендей, өрт саат 10:16да башталган. Жеринде өрт өчүрүү тобу иш алып барган. Саат 11:27ге карата өрт толугу менен өчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ