Кыргызстандык жаран Россияда тоңуп каза болду. Бул тууралуу Россиянын Уссурийск шаарындагы өкүл Бакыт Садиров билдирди.
Анын айтымында, 20-декабрда Приморск аймагынын Октябрь районундагы Степное айылында Ош облусунун Араван районунун тургуну 1985-жылы туулган Э.А. аттуу жаран тоңуп каза тапты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жыгылып, өз алдынча тура албай калган. Азырынча маркум буга чейин эмне менен алек болгону белгисиз.
Мекендештер адамдын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн документтерди топтошкон. 25-декабрда маркумдун сөөгү үй-бүлөсүнө жөнөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ