Кечээ, 21-декабрда белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз эл артисти Болот Шамшиев каза болгонуна 1 жыл болду.
Шамшиевдердин үй-бүлөсү кинорежиссерго ооруканада туура эмес диагноз коюлганын билдиришти. Үй-бүлөнүн билдирүүсү Кино Өнүктүрүү Фондунун сайтында жарыяланды.
“Башында туура эмес диагноз коюу, бардык керектүү клиникалык чараларды өз убагында көрбөө, айрым дарыгерлердин өз ишине терең ойлонуп, сын көз менен мамиле жасай албагандыгы, диагнозун жана ылайыктуу терапияны аныктай албагандыгы – мунун бардыгы адамдын өмүрүн сактап кала албагандыгыбызга алып келди,” – дейт кинорежиссёрдун үй-бүлөсү.
Эске сала кетсек, Болот Шамшиев ноябрдын аягында Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада реанимацияга жатып, дарыланган. Дарыгерлер абалы начарлап кетип, абалы оор экенин 16-декабрда билдирген.
Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Көптөгөн мыкты кинофильмдерди тарткан. Алсак, “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Эрте келген турналар” жана башкалар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ