Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева: Мамлекеттик тилди мындан ары карай өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөтүүдө пайдаланылуучу усулдардын принциптери менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Мамлекет тарабынан тилибизди мындан ары карай өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Бардыгы кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестти тапшырышат. Жакынкы учурдан бери катардагы жарандар үчүн да тил билүү деңгээлин аныктоосу үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Азырынча тест акы төлөө негизинде өткөрүлөт, мында тилди күчтөп окутуу тууралуу сөз жок, ошол эле учурда тест тапшырган адам өзүнүн тилди билүү деңгээлин аныктай алат», – деди вице-премьер-министр.

Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик тилди билүүгө карай сынамык тесттен өттү жана аны ийгиликтүү тапшырды.

Белгилесек, мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу сынамык тест лексика-грамматикалык нормаларды тажрыйба жүзүндө колдонуусун, угуп жана окулган текстти түшүнө билүүсүн, ошондой эле жазуу жана оозеки түрдө өз ой-пикирин билдирүү деңгээлин аныктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: