Кыргызстандыктар Жаңы жылда үч күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, кыргызстандыктар 1-январь – майрам күнү эс алышат, бул күн жума күнүнө туура келет. Андан кийин 2-3-январда – ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күн катарында эс алышат.
4-6 январь кайрадан иш күнү. 7-январь – майрам күнү болуп саналат, ал эми 8-январь – кайрадан иш күнү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ