Menu

ИИМдин Академиясынын жетекчилиги КМШга мүчө мамлекеттердин ИИМнин Билим берүү уюмдарынын Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн онлайн жыйынына катышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-декабрь күнү КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин Билим берүү уюмдарынын жетекчилик курамды даярдоо боюнча Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны онлайн режиминде болуп өттү. БУл тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага КРнын ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариэл Абитов, начальниктин орун басары, юридика илимдеринин доктору Арзыгүл Джоробекова катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын “Ассоциация жөнүндө жобонун долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” сунушун карап чыгышып, бир добуштан колдоп беришкен.

Мындан тышкары, алар “Эл аралык социалдык-укуктук изилдөөлөр боюнча илимий лаборатория жөнүндө” жобонун долбоорун, ошондой эле катышуучу мамлекеттердин ортосунда илимий маалыматтарды, басылмаларды жана башка илимий материалдарды алмашуу боюнча ишти активдештирүү маселелерин талкуулашкан.

Жыйындын катышуучулары билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу идеялары укук коргоо органдарынын мындан ары туруктуу өнүгүүсүнүн эң маанилүү талабы болуп жаткандыгын белгилешкен.

Андан сырткары, Ассоциациянын алкагында мындан аркы кызматташтыктын негизги маселелери боюнча пикир алмашуу жана позициясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: