15 жаштагы кызды зордуктоого шектүү адам Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу жабырлануучунун адвокаты Шердор Абдыкапаров журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 21-декабрда Токмок шаарынын прокурору ага телефон чалып, жабырлануучунун таенесинин үйүнө келүүсүн суранган.
“Мен келип, биз баарыбыз милицияга чогуу бардык. Ал жерде таенеси кыздын өгөй атасына каршы көрсөтмө берди” – деди ал.
Адвокат кошумчалагандай, ушундан кийин зордуктоого шектүү 48 саатка камакка алынды.
Буга чейин Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну эки жылдан бери өгөй атасы тарабынан зордукталып келгенин айткан. Бул факт КЖБРге катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ