Орус сахнасынын падышасы Филипп Киркоров үй кызматчысы Людмила Дороднованын 30 жылдык эмгегинен кийин кызматтан алынышын түшүндүрдү. Бул тууралуу ырчы “Дни.ру” маалымат агенттигине билдирди.
“Мен аны жумуштан кетирген жокмун. Ал улгайган аял болгондуктан аны үйдө чуркатканга акым жок. Мен ага эмгек стажы үчүн абдан татыктуу акча бердим жана ыраазычылыгымды билдирдим. Кийинки 10 жылда бул акча анын жакшы жашоосун камсыз кылат”, – деди артист.
Анын айтымында, кызматтан бошотулгандан кийин, ал мурунку үй кызматкерин көргөн эмес, анткени коронавируска байланыштуу кырдаал оор болуп, 70 жаштан өткөн адамдар чыга албай жатышат.
“Менин оюмча, анын жашоосу сонун жана аны менен сүйлөшө турган адам бар”, – деди Филип.
Бир нече күн мурун Людмила Дороднова “НТВ” каналында кызматтан алынганы жөнүндө айтып берген. 80 жаштагы үй кызматкер ырчы ага таарынган деп эсептейт. Пенсионердин айтымында, Филипп ага жөн эле таарынып, өзүңдүн жайыңа бар, – деп айткан. Киркоров 30 жылдык тажрыйбасы бар үй кызматкерин жумуштан бошотту деген кабар Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ