Menu

Ташкент облусунда кош бойлуу аялдын өлүмү боюнча текшерүү иштери башталды

Бөлүшүү:

2020-жылы Ташкент облусунун Жаңыжол медициналык бирикмесине караштуу ооруканаларда беш кош бойлуу аял көз жумган.

32 жаштагы Шохсанам Хусанбоева 2-ноябрда каза тапкан. Маркумдун жакындарынын айтымында, төрөтканада дарыгерлер келиндин кан басымы жогору экенине карабай, уктатуучу жана тынчтандыруучу препараттары колдонушкан. Бала тондон эрте ажырап, кан кете баштаганда, ага операция жасалган. Бирок Шохсанамдын кан басымы кескин төмөндөп кетип, ошол боюнча эсине келген эмес.

Бул маалыматты Жаңыжол медициналык бирикмесинин кызматкери да тастыктады:

– Эгер жооптуу дарыгерлер анын абалы тууралуу эки-үч саат эрте билишкенде, Хусанбоева өлмөк эмес.

Ал Шохсанам Хусанбоеванын өлүмү үчүн жооптуу нөөмөттөгү дарыгер беш ай мурун гана ишке орношконун жана күнөөсүн мойнуна алганын кошумчалады.

Шохсанам Хусанбоеванын 10 жаштагы кызы жана 7 жаштагы уулу жетим калды.

Шохсанам Хусанбоеванын өлгөнүнө эки ай болсо да Жаңыжол шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгобой, күнөөлүү дарыгердин 30% айылыгын кыскартуу менен чектелген.

Маркумдун жакындары президенттин Элдик кабылдамасына кайрылгандан кийин, өткөн аптада Хусанбоеванын өлүмү боюнча текшерүү иштери башталды.

Жаңыжол медициналык бирикмесинде быйыл Шохсанамды кошуп эсептегенде беш кош бойлуу аял көз жумду.

Өзбекстандын ачык булактарында энелердин жана балдардын өлүмү боюнча жалпы статистикалык маалымат жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: