Menu

Коронавирус Казакстан армиясында: 2 200 учур катталды, он киши өлдү

Бөлүшүү:

Пандемия башталгандан бери Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан 2 200 киши коронавирус менен ооруду.

Алардын ичинде жоокерлер да бар. Бул тууралуу 22-декабарда онлайн-брифинг учурунда өлкөнүн коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдирди.

Анын айтымында, казак армиясында вирустан жалпысынан 10 киши (бешөө аскер кызматкери, бешөө жарандык кызматкер) өлдү. Баары тең госпиталда дарыланып жаткан маалда көз жумган. Жоокерлер арасында курмандыктар жок.

— Аскерге чакырылгандардын баары башында үч күн изоляцияда болушат. Кызмат өтөй турган жерге жөнөтөрдөн үч күн мурун ПЧР-тест жүргүзүлөт. Эгер биринен эле вирус аныкталса, топ толугу менен кайра изоляцияга кетет. Вирус жукпаган жоокерлер да аскер бөлүгүндө 14 күн обочолонууда болот. Изоляциядан чыгаарда кайрадан тест алынат, — деп белгиледи Ермекбаев.

Министр пандемия маалында, аскер кызматкерлерин жана курсанттарды иштен бошотуу убактылуу токтотулганын, дене табын өлчөө, тазалык жана аралыкты сактоо күчөтүлүп, кол алышып учурашууга тыюу салынганын айтты.

Казакстанда расмий маалыматтар боюнча 22-декабрга карата вирус жуктургандардын саны 147 975 кишини түздү. Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19дан 2 200 адам көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: