Menu

Кыргызстандын жана Өзбекстандын жараны Россиянын дүкөндөрүнөн 40 миң рубль өлчөмүндөгү спирт ичимдиктерин уурдап кетишкен

Бөлүшүү:

Кыргызстандык аял жана Өзбекстандын жараны Пенза шаарындагы азык-түлүк дүкөнүнөн 40 миң рубль өлчөмүндөгү спирт ичимдиктерин уурдап кетишкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Өзбекстандын 28 жаштагы мигранты жана 25 жаштагы кыргызстандык аял Москва облусунда жашашат. Алар Саранск аркылуу өтүп бара жатышкан. Эки мигрант азык-түлүк дүкөнүнө барып, үч бөтөлкө кымбат баалуу спирт ичимдиктерин алып, баштыкка салып, акчасын бербей кетип калышкан.

Андан кийин Кыргызстандын жана Өзбекстандын жараны Пенза шаарына кетип, ошол жерден кармалган. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн мигранттары буга чейин да ушундай эле уурулуктарды жасап келишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: