Бүгүн, 23-декабрда ырчы Нурлан Насиптин эки кабаттуу ресторанынын техникалык ачылуусу болот. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
Анын айтымында, ресторандын официалдуу ачылуу аземи жаңы жылдан кийин өтөт. Жана ал биринчи келген кардарды өзү тейлейт.
“Урматтуу кыргыз элим. Сиздерге өзүмдүн көптөн бери кыялданып жүргөн чоң кыялдарымдын бири ишке ашып, ачылуу алдында. Бүгүн ресторандын техникалык ачылуусу болот. Баарыңыздарды күтөм. Эң биринчи келген кардарларды тосуп алып, өзүм тейлейм. Келип даамдуу тамактарыбыздан даам татып кетиңиздер.
⠀
Ал эми официалдуу ачылуубуз кирип келе жаткан жаңы жылдан кийин болот. Биздин эшигибиз сиздер үчүн ар дайым ачык“, – деп жазган ырчы Насип.
Белгилей кетсек, буга чейин Нурлан Насип бизнес ачуу анын ырчылыктан кийинки кыялы экенин белгилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ