Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Мен үчүн өзгөчө күн мындан 2 жыл мурунку туулган күн эле”

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 62 жашка толду. Ал өзүнүн Фейсбук социалдык баракчасына туулган күнү менен куттуктагандарга ыраазычылык билдирип, видеотасма жарыялады.

Туулган күнүмө байланыштуу мени куттукташкан партиялаштарга, мекендештерге ыраазычылыгымды билдирем. Баарыңыздарга рахмат, үй-бүлөңүздөрдө аманчылык, жакшылыктар болсун. Келе жаткан жаңы-жылыңыздар менен“, – деп билдирүү жазган.

Ал эми видеотасмада болсо мындай деп айтылат:

Мен туулган күнүмдү таптакыр эле белгилебей элемин. Мен үчүн өзгөчө күн мындан 2 жыл мурунку туулган күн болду. Анда мен абакта элем. 60 жашка толгондугумду Болот Шердин демилгеси менен партиялаштар белгилейбиз деп калышты. Мага бул идеяны айтканда абдан каршы болдум. Анткени мен туулган күнүмдү чоң салтанатта белгилеп көнгөн эмесмин. Үйдө гана өткөрүп жүргөм. Бирок Болот Шер, партиялаштар уккан жок. “Бул сенин туулган күнүң эмес, партиялык чоң аракет” деп айтышты. Региондордо жана Бишкекте туулган күнүмдү белгилешти. Болот ооруп жатса дагы, өзү кызмат кылып, чуркап жүрдү. Тилекке каршы, Болот Шер арабызда жок. Туулган күндү ансыз белгиледим. Партиялаштар менен биргеликте туулган күндү гана белгилебестен, келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташтык“, – деди Текебаев.
Эскерте кетсек, 21-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер 61 жаш курагында ооруканада көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: