Menu

Бишкекте такси кызматынын айдоочусун белгисиз курал менен коркутуп, акчасын тартып алган жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 22-декабрда болжол менен саат 21:35 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Маликов көчөсүндө акчамды тартып алды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1994-жылы туулган Б. А. аттуу такси кызматынын айдоочусу арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 21:25 чамасында белгисиз 2 жаран арыз эсин белгисиз курал менен коркутуп, акчасын тартып алган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш- чараларын жүргүзүп, натыйжада кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган У.А. жана 1979-жылы туулган О.Б. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 97 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: