Menu

Мирлан Бакиров: “3 жыл ичинде иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсом кечирим сурайм”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров кызматын тапшырып бергенин билдирди.

Ал кызматын өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин белгиледи.

“3 жыл ичинде иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсом кечирим сурайм. Мен өз ыктыярым менен кызматты өткөрүп берүүнү чечтим. Болгон билимимди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп иштей берүүгө аракет кылам” , – деди Мирлан Бакиров.

Белгилей кетсек, кечээ Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК Төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлгөнүн айткан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: