Бүгүн, 23-декабрда мурдагы президент Алмаз Атамбаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алынып келинди.
Ал президенттин администрациясынын мурунку башчысы Фарид Ниязов менен айнек менен тосулган бөлмөдө отурат.
Белгилей кетсек, сот Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган.
Отурумга 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча кылмыш иши боюнча айыпталуучулар келишти.
Белгилей кетсек, буга чейин сот мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иштерин бириктирген. Бул иш Субихи Пархатиге байланыштуу. 2017-жылы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын сатканы үчүн андан 54 миллион сом алган. Ошондой эле Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине башка кылмыштар бириктирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ