“Президенттик шайлоодон утулуп калсам, анда бизнес менен алектенем”– деди президенттикке талапкер Садыр Жапаров “Азия MIX” командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун “Ким экен” аттуу программасында интервью берип жатып.
Алып баруучу “Кайсы бизнес менен алектенесиз?” деп тактап сурады.
“Азыр бизнестер көп да. Мурда нефти бизнес менен, айыл чарбачылык, буудай менен иштегем. Бул жагын жакшы билем. Убагында Балыкчыда кичинекей завод кургам. Май куйуучу жайларды салып, иштегем. Мурда саясатка келгенге чейин, 1990-жылдан 2005-жылган чейин нефти менен иштегем. Балким, ошол тармакка кетем” – деди ал.
Белгилей кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ