Бүгүн, 23-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сот иши уланды. Сот отурумунда Азирет Медеровдун төрагалыгы астында өтүп жатат.
Сот залында прокурорлор Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго каршы ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүп берүү өтүнүчү менен судьяга кайрылышты. Буга адвокаттар каршы эместигин билдиришти.
Бирок жактоочулар сот прокурорлордун өтүнүчүн дароо карайт, ал эми үч процессте тең баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып келген президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун өтүнүчүн карабай келет деп нааразы болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ