Израилдин бир палаталуу парламенти – Кнессет үчүнчү жолу катары менен өзүн-өзү таркатып жиберип, 23-декабрда ишин токтотту. 2021-жылы 23-мартта өлкөдө эки жыл ичинде төртүнчү жолу парламенттик шайлоо өтөт.
Израилде 2019-жылдан бери саясий кризис өкүм сүрүүдө. Оңчулдар жана солчулдар партиясы парламентте дээрлик бирдей орун алып, өкмөттү курай албай жатышат. Израиль мыйзамдарына ылайык, көп добуш алган партиянын лидери өкмөттү түзгөнгө укуктуу. Ал 61 депутаттын колдоосуна ээ болушу керек.
Быйыл жазында партиялар коалициялык көпчүлүктү курап, азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен “Кахоль-Лаван” блогунун лидери Бени Ганц өкмөттү кезектешип башкарууга макул болушкан. Бирок коалициядагы пикир келишпестиктерден улам 2021-жылдын бюджетин кабыл алууга мүмкүн болгон жок. Нетаньяху менен Ганц мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн бири-бирин айыптап жатышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ