Бүгүн, 23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланууда.
Бүгүнкү отурумга Алмазбек Атамбаев алынып келдинди. Аны менен кошо айнек менен тосулган бөлмөнүн ичинде мамлекет башчысынын аппаратынын экс-башчысы Фарид Ниязов да отурду.
Буга чейин прокурорлор Бишкектин мэри Албек Ибраимовго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын өзүнчө өндүрүшкө бөлүп берүү өтүнүчүн келтиришкен. Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан судья токтомду окуп берди, ага ылайык мамлекеттик айыптоочу тараптын өтүнүчү канааттандырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ